Украина жакынкы жылда канча карызын төлөшү керек. Инфографика

2024-жылы Украина мамлекеттик карызы боюнча 1 триллион гривна (25 миллиард доллар) төлөшү керектигин Финансы министрлиги билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье билдирди.
Sputnik
Министрлик 2050-жылга карата төмөнкүдөй божомол берет:
870 миллиард гривна – 2025-жылы ( 22 миллиард доллар);
621 миллиард гривна – 2026-жылы ( 15,7 миллиард доллар);
536 миллиард гривна – 2027-жылы ( 13,6 миллиард доллар).
Мындан улам 2035-жылга чейин жыл ичинде төлөнгөн сумма 400 миллиард гривнага (10,1 миллиард доллар) чамалап барат. Андан соң 2042-жылга чейин 180 миллиард гривна ( 4,5 миллиард доллар), ал эми 2050-жылга чейин жыл сайын 100 миллиард гривна (2,5 миллиард доллар) төлөшү керек болот.
Буга келечекте алынышы керек болгон насыялар, ошондой эле жеке сектордун бересеси же мамлекет кепилдеген карыз кирбейт. Эсеп-кысап гривна аркылуу ошол учурдагы курс менен жүрөт, ал эми карыз валюта менен эсептелет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Киевдин АКШ берген куралды колдонуу тармагын кеңейтишине каршы