Баңгизат сатуу каналын уюштурган делип 5 египеттик жаран кармалды

Шектүүлөр социалдык тармактар аркылуу баңгизат сатып алып, кайра чет өлкөлүктөргө сатуу менен алектенгени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Баңгизат сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 2

Баңгизат сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды

2 / 2

Маалыматка ылайык, мекеме тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Египеттин беш жараны колго түшүрүлгөн

Маалыматка ылайык, мекеме тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Египеттин беш жараны колго түшүрүлгөн.
"Алар социалдык тармактар аркылуу баңгизат сатып алып, чет өлкөлүктөрдүн арасында жайылтуу менен алектенгени аныкталган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен баңгизат саткан каналдын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча аракеттер уланып жатканы кошумчаланды.
Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган пакистандыктар кармалды