Россия: Түштүк аскер округунда башталган машыгуу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Россия Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк аскердик округунда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды колдонуу боюнча даярдык көргөн, көндүмдөрдү жасаган машыгуу башталды. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинен билдиришти.
Аны РФ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын тапшырмасы менен Башкы штабдын жетекчилиги өткөрө баштады.
Ведомстводон алгачкы этапта бир катар милдеттер аткарыларын, анын ичинде ыкчам-тактикалык "Искандер" ракеталык комплекси менен аэробаллистикалык суперүндүү "Кинжал" ракетасы боюнча машыгуулар да болорун айтышты.
Коргоо министрлиги мурдараак машыгуу стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу максатында авиацияны, деңиз күчтөрүн тартуу менен Түштүк аскер округунун ракеталык түзүмдөрү менен өтөрү белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина армиясы Россия аскерлери атайын операцияда күчтөнгөнүн мойнуна алды