Садыр Жапаров неолиберализм өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы келерин айтты

Мамлекет башчы неолибералдык идеология өлкөнү баткакка тыгып, бир ууч топтун байышына жол ачканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Неолиберализмдик идеология менен өлкөбүз тонолуп-талкаланып, жок болуп кете жаздаганына күбө болдук. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесинде билдирди.
"Биздин өнүгүү жаатында жасап жаткан аракеттерибиз жеке жарандан тарта жалпы журттун бардык катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Мындан ары саналуу гана чөйрө, бир ууч эле топ байыгандай болбошу керек", — деди өлкө башчы.
Ошондой эле ал буга чейин базар экономикасынын "көмүскө колу" өнүгүү кереметин жаратып, мамлекетти гүлдөтөт деген неолиберализмдик идеология жайылганын айтты.
"Биз мындай принципке сокур ишеним менен жетеленип, канчалаган жылдарды текке кетирдик. "Мамлекет начар башкаруучу", "экономикада өкмөт эч кандай роль ойной албайт" деген кептер айтылып келгенин билесиздер. Бул көз караш мамлекеттин, карапайым элдин кызыкчылыгына каршы келген жалган идеология экенин, аны менен эч кандай өнүгүү болбостугун, тескерисинче, өлкөбүз тонолуп-талкаланып, жок болуп кете жаздаганына да күбө болдук. Эмгек мигранттарыбыздын которгон акчаларына көз каранды болуп, экономикабызда ошол которулган каражаттын эбегейсиз ролу боюнча дүйнөлүк рекордчуга айландык", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал учурда мамлекеттик органдардын чечимдери, мыйзамдары жана токтомдору бир ууч топтун же бир нече үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген "Социалдык контракт" программасына киргендер катышууда.
Жыл соңуна чейин 5 503 бүлө үйлүү болуп, дагы 12 миң батирдин курулушу башталат