Президент балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачыларын билдирди

Президент балдарга карата зомбулук күч алып жатканын, мамлекет бул абалды көз жаздымда калтырбаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин 550 штатык бирдиги ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди.
Ал балдарга карата зомбулук күч алып жатканын, мамлекет бул абалды көз жаздымда калтырбаганын белгилеген.
"Биз балдардан эч нерсе аябайбыз. Убагы келсе баары ордуна коюлат. Балдардын жөлөк пулунун өлчөмү дагы көбөйтүлөт. Акыркы убактарда балдарга карата зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылардын көбөйгөнү байкалууда. Мамлекет бул маселени көңүл сыртында калтырбайт. Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан 1-июндан баштап, Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын соцкызматкерлердин 550 штатык бирдигин ачып жатабыз", — деди өлкө башчы.
Ошондой эле ал томолой жетим балдар үчүн "Аманат" депозити киргизилгенин, эми ар бир жетим бала 18 жашка чыкканда билим алууга жана ипотеканын баштапкы төлөмү үчүн 500 миң сомдон аларын кошумчалады.
Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген "Социалдык контракт" программасына киргендер катышууда.
Садыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты