Радио

Мамытов: Россия санкцияларга карабай илимге ИДПнын 2%ын жумшамай болду

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Россия экономикалык саясатын илимге негиздегенин айтты.
Sputnik
9-майдагы Жеңиш парадында сүйлөп жатып Россия президенти Владимир Путин илимге ИДПнын эки пайызы бөлүнөрүн айтты. Согушуп жатып илимге мындай көңүл буруу болоруна учурда дүйнө эли таң калып турган учуру. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия Федерациясы СССРдин пландык экономикасын эске алуу менен илимге таянган экономикалык саясат жүргүзүүдө.
"Россия президенти кандай гана кырдаал болбосун, илим-билимсиз, маданиятсыз өлкөдө өсүү болбой тургандыгын жана федерация буга терең көңүл бурарын айтты. Фактылар көрсөтүп тургандай, соңку жылдары алардын экономикасы дүркүрөп өсүп, дүйнөдө бешинчи орунга чыгып, төртүнчүлүктү мерчемдеп турган чагы. Салынган миңдеген санкцияларга карабай мындай көрсөткүчтөргө оңой эле жетип калышкан жок. Тынбай изилдөөлөрдү жүргүзүп, өткөндү эске алуу менен ондогон жылдык илимий иштердин негизинде гана азыркыдай натыйжалар жаралууда. ИДПнын эки пайызы — бул чынында ири сумма. Россия Федерациясынын башкаруу системасында кадр өстүрүү, бышып жетилген кадрды туруктуу иштетүү сыяктуу кадамдар жакшы тажрыйбаланып жатат. Биз дагы мына ушундай кадамдарга жетишибиз керек", — деди Мамытов.
Ал Кыргызстан экинчи Швейцария болууну максат кылып, башка мамлекеттерди туурай бербей тарыхы жана тамыры бир Россия сыяктуу өлкөлөрдөн үлгү алуу менен өз багытын аныкташы керектигин кошумчалады.