Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мина талаасын аралай жети чакырым баскан жарадар жоокер. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Атайын операция учурунда Часов Яр аймагында колго түшүп, каармандык менен кармашкан Викинг каймана аты бар аскер туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазып, видеосун жарыялады.
"Эч качан кол куушуруп отуруп калбаш керек, себеби биз аскербиз", — деген РФ Куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат кылган Викинг.
Ал атайын операция учурунда окопко секирип түшүп, каршылаштардын курчоосунда калган.
"РФ Куралдуу күчтөрүнүн 4-бригадасынын жоокери Александр Усов көп жеринен жаракат алса да кол куушуруп отуруп калбай, акыры кайтып келген", — деген "Первый" каналынын кабарчысы Дмитрий Кулько.
Ал бир апта бою каршылаштар менен кармашып, алардын жана дронунун огунан аман калып, майдандаштарына тирүү келген. Ага пилотсуз учуучу аппараттын оператору асмандан кырдаалды карап, жол көрсөтүп берип турган. Александр Усов мина коюлган талааны аралай жети чакырым жол басып келген.
Айтмакчы, бул каарман жоокер ата-бабалары Улуу Ата Мекендик согушта дал ушул жерде салгылашып, бирок дайынсыз болуп кеткенин айтып берген.