"Манас" аэропортунда эл эвакуацияланууда. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жарылуу болору тууралуу билдирүүдөн соң "Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр эвакуацияланып жатканы белгилүү болду.
Аба майдандын маалыматы боюнча, саат 15:00дө жарылуу болору эки саат мурун кабарланган. Учурда жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду.
Аэропорт рейстерди кабыл алууда.
Эскерте кетсек, мындан алты күнү мурун дагы аба майданга бомба коюлду делип, бирок маалымат тастыкталган эмес.
"Манас" аэропортуна бомба коюлду делген маалымат тастыкталган жок