Садыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты

Мамлекет башчы 1-июлдан тарта пенсия көтөрүлө баштаарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тартып пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесинде айтты.
Мамлекет башчы 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу үчүн Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенин эске салды.
"Мен мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. Бул багытта ишитерди уланта беребиз", — деди президент.
Ошондой эле ал акырындан социалдык төлөмдөр жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан жогору турган чекке жеткирилерин кошумчалады.
Президент пенсия чегерүүдө бир катар өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга кол койду