Жыл соңуна чейин 5 503 бүлө үйлүү болуп, дагы 12 миң батирдин курулушу башталат

Өлкө башчы 5 503 жаран жыл соңуна чейин батирлүү болорун айтып, бул багыттагы иштерди тизмектеди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жыл соңуна чейин 12 миң батирдин курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча 11 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5503ү кезекте тургандарга берилет.
"Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарыбызга өзүнчө программа менен иш баштадык. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз", — деди мамлекет башчы.
Ал бул ипотеканы алуу үчүн кезекте тургандардын катары бузулбай турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген "Социалдык контракт" программасына киргендер катышууда.
Садыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты