"Манас" аба майданында жардыргыч коюлганы тастыкталган жок

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. "Манас" аэропортунда бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу аба майдан билдирди.
Учурда аэропорттун иши өз нугунда уланууда.
Буга чейин аба майданда саат 15:00дө жарылуу болору кабарланып, жүргүнчүлөр эвакуацияланган.
Эскерте кетсек, мындан алты күнү мурун дагы аба майданга бомба коюлду делип, бирок маалымат тастыкталган эмес.
Мектепке бомба коюлду деп маалымат таратууга шектелген төрт өспүрүм кармалды