Бишкектеги башаламандык. Чет элдиктерге кол салды делгендер чекесинен кармалууда

18-майга караган түндөгү окуялар боюнча "Массалык башаламандык" беренеси менен иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Чет элдиктерге кол салды деген шек менен жети адам кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин 18-майга караган түндө болгон окуялар боюнча "Массалык башаламандык" беренеси менен иш козголгон.
Анын алкагында 7-Апрель көчөсүндөгү жатаканага кирип барып, чет элдиктерге кол салып, алардын мүлкүн талкалаган деген шек менен 21 жана 25 жаштагы эки бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары, Аламүдүн айылындагы тигүү цехиндеги чет элдиктерди сабап тоногон делип дагы 5 киши колго түшүрүлгөн.
Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан. Анын видеосу интернетте "чет элдиктер кыргыздарды сабаган" деген аталыш менен тарап, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына жаштардын чогулушуна себеп болду. Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен кийин таңга жуук тарашты. Кийин мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылды. Ал эми аларга кол салган делген үч бала, кийин дагы бири кармалды. Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.
Жалпы 41 адам медиктерге жардам алууга кайрылган. Азыр бир адам ооруканада дарыланууда.
Пакистандын ТИМ башчысы ооруканадагы мекендешинен кабар алды