Өзгөндө эки адамды чала жан кылып сабаган УКТ мүчөсү жакындары менен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын жакындары кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 9-майда 29 жана 27 жаштагы Куршабдын тургундарын чала жан кылып сабап, каналга таштап кетишкен.
"Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 20-майда криминалдык чөйрөдө уюшкан кылмыштуу топтун Алтын маньяк каймана аттуу мүчөсү, мурда соттолгон 47 жаштагы Т.А. жана Өзгөн районунун 28 жаштагы Н.уулу А., 38 жаштагы М.Т. аттуу тургундары жана мурда адам уурдап соттолгон О.Б. камакка алынды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган ишкер аныкталды