Акылбек Жапаров 100 ишкана курулуп мигранттардын саны эки эсе азаярын айтты

Өлкөдө бир катар тармактарда жумушчу күч жетишсиздигинен улам ишкерлер жардам сурап жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Быйыл 100 ишкана ачуу пландалууда. Ошонун алкагында чет жактарда кара жумушта иштеп жүргөн мигранттардын саны эки эсе азаят. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесинде айтты.
Ал белгилегендей, учурда курулушта, тигүү цехтеринде жумушчу күч жетишпей ишкерлер ушул жагынан жардам сурашууда.
"Быйыл 100 ишкана ачуу пландалууда. Ошонун алкагында чет жактарда кара жумушта иштеп жүргөн мигранттардын саны эки эсе азаят. Жалал-Абадда ипотекалык компания менен 12ден ашык үй курулууда. Ошол жерге ата-энелери кайрылып, чет жакта иштеп жүргөн курулушчулардын баары келди. Тигүү цехтерге дагы кайра келе баштады. Анткени экономика көтөрүлдү", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мыйзамды бузбай иштеп жаткан чет элдиктерге сый мамиле кылуу зарылдыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген "Социалдык контракт" программасына киргендер катышууда.
Врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миңден 66 миң сомго жеткирилет