Юстиция министрлиги миңге чукул адвокаттын лицензиясын токтотот

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Юстиция министрлиги өлкөдөгү 976 адвокаттын лицензиясын токтотот. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, министрлик адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
"Адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө 976 лицензияны (аларга колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирет) токтотуу маселеси каралды. Инвентаризациялоо процессинде адвокаттык этика жана мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери иликтенет", — деп жазылган маалыматта.
Мамлекеттик жактоочуну "чөнтөк" юрист көрүшөт. Акысыз адвокат тууралуу маек