Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин Россияга сокку урушуна уруксат бериш керек. Конгрессчилердин демилгеси

Авторлордун айтымында, Киев Вашингтондон тишелүү уруксатты алганга аракет кылуусун улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Башында Чалгын комитетинин жетекчиси Майк Тернер турган Өкүлдөр палатасынын конгрессчилери АКШнын коргоо министри Ллойд Остинди Украинанын америкалык куралды колдонуп Россиянын аймактарына чабуул коюушуна уруксат берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости мыйзамчылардын жазган катына таянып кабарлады.
"Байдендин администрациясы Украинанын аскердик жогорку жетекчилигине тиешелүү зарыл операциялардын бардыгын жасашы үчүн уруксат бериши керек", — деп айтылган документте.
Тернер жана башка конгрессчилер АКШ берген куралдарды "өзүнчө бир кырдаалдарда россиялык ички аймактарга стратегиялык максатта сокку уруу үчүн" колдонууга уруксат берүүнү Ак үйгө сунушташкан.
Авторлордун айтымында, Киев Вашингтондон тишелүү уруксатты алганга аракет кылуусун улантууда, ал эми Ак үй өзүнүн чектөөлөрү менен Украина армиясын "ооздуктап" турат. Бул маселе боюнча Пентагондун расмий позициясы өзгөрүүсүз калууда — өздөрү берген куралдарды Россиянын аймагында колдонууга каршы экендиги айтылган.
"Биздин саясат өзгөрбөйт — Украинанын өзүнүн аймагын коргошу үчүн гана берип турууга басым жасайбыз. Муну украиналык өнөктөштөр менен талкуулоону улантабыз", — деген журналисттерге Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдер.
Politico жазган маалыматтарга караганда, Россия аскерлери Харьков багытында улам алдыга жылып жаткандыктан Киев АКШдан алар берген куралдарды Россиянын аймактарына каршы колдонууга уруксат алууга аракет кылууда. Бул үчүн майдын ортосунда Вашингтонго Жогорку Раданын депутаттарынан турган топ барган. Алар конгрессчилер менен жолугуп, мындай ыкма менен Ак үйгө таасир этүүгө аракет кылышкан.
Батышта акыркы учурда Украинадагы чатакка түз кийлигишүү боюнча көп айтылып келет. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага франциялык аскерлерин жөнөтүү тууралуу, ал эми Улуу Британиянын ТИМ башчысы Дэвид Кэмерон Россия аймагына британиялык ракеталар менен сокку урса болорун жар салган. Алардын коргонуу министри Грант Шаппс Киев чындыгында эле Крымга чабуул коюу үчүн Лондондон уруксат алгандыгын моюндаган. Эске салсак, Батыш бул күнгө чейин эле аталган жарым аралды Украинага тиешелүү деп эсептеп келишет.
Кремлден булардын бардыгы кырдаалды курчута тургандыгын, андыктан өзгөчө көңүл буруу менен чаралар керектигин белгилешкен. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, европалыктар абал тездик менен өзгөрүп Украина үчүн жакшы болбой турганын аңдагандыктан, кырдаалды атайын курчутуп жатышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Киевдин АКШ берген куралды колдонуу тармагын кеңейтишине каршы