Бакыт Төрөбаев Ирандын президенти Раиси менен коштошуу зыйнатына катышты. Сүрөт

Өкмөт башчынын орун басары Тегеран шаарына президенттин тапшырмасы менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тегеран шаарында өткөн Ирандын каза болгон башчысы Эбрахим Раиси менен коштошуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
“Бакыт Төрөбаев Иран тарапка Кыргызстан президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан көңүл айтты”, — деп жазылган маалыматта.
Раиси менен коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистан менен Тажикстандын президенттери, Азербайжандын премьер-министри, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын спикерлери, Беларустун тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары барган.
Ирандын президенти Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Садыр Жапаров Иран элчилигине барып көңүл айтты