Эрлан Шеров дзюдо боюнча чемпионатында коло медаль утту. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Турнир учурда Абу-Даби шаарында өтүп жатат.
Шеров 90 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал чечүүчү мелдеште 2022-жылдагы дүйнөнүн вице-чемпиону, италиялык Кристиан Парлатини жеңди.
Кыргызстандык спортчу 1/16 баскычынан баштап, үч атаандашын утуп алган, бирок жарым финалда япониялык спортчуга жеңилип калган. Жыйынтыгында үчүнчү орунга күрөшкө чыккан.
Дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги турнирде коло медаль утту. Видео