Эне жана баланы коргоо борборунда 350 орундуу корпустун курулушу башталды

Мамлекет башчы бул корпустун курулушу эмдиги жылдын экинчи жарымында бүтөрүнө ишеним арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы көп тармактуу корпусунун курулушун баштоо үчүн "мезгил кутусун" салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы көп тармактуу корпусунун курулушун баштоо үчүн "мезгил кутусун" салды

2 / 4

Долбоорго ылайык, оорукана 350 орунга эсептелген, анда изоляторлору бар кабыл алуу, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо, онкология жана онкогематология үчүн реанимация, паллиативдик терапия, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология, адистештирилген жардам бөлүмдөрү бар

3 / 4

Анда ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүмдөр жайгашат

4 / 4

Ошондой эле ал аталган оорукана практикалык гана эмес, илимий борбор катары да кызмат көрсөтөрүн кошумчалады. Президент бул корпустун курулушу эмдиги жылдын экинчи жарымында бүтөрүнө ишеним арткан

"Эне жана баланы коргоо улуттук борбору клиникалык жана дарт аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында бөйрөк жана боор трансплантациясы, тубаса угуу майыптыгы үчүн кохлеардык имплантация, ретинопатия, лейкоз менен ооруган балдардын чучугун трансплантациялоо үчүн жаңы заманбап имаратка муктаж болуп келет", — деди президент.
Ошондой эле ал аталган оорукана практикалык гана эмес, илимий борбор катары да кызмат көрсөтөрүн кошумчалады. Президент бул корпустун курулушу эмдиги жылдын экинчи жарымында бүтөрүнө ишеним арткан.
Долбоорго ылайык, оорукана 350 орунга эсептелген, анда изоляторлору бар кабыл алуу, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо, онкология жана онкогематология үчүн реанимация, паллиативдик терапия, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология, адистештирилген жардам бөлүмдөрү бар. Анда ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүмдөр жайгашат.
Жыл соңуна чейин 5 503 бүлө үйлүү болуп, дагы 12 миң батирдин курулушу башталат