Бишкекте унаа токтотмолорго теңдештирилген акы төлөө системасы киргизилет

Бишкекте сырттан киргендерди эсептебегенде 683 миң транспорт каражаты катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөө системасын өзгөртүү паландалууда. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сырттан киргендерди эсептебегенде Бишкекте 683 миң транспорт каражаты катталган.
"Бишкек шаарынын унаа токтотмолору боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө дифференцияланган акы төлөөнү киргизүү максатка ылайык деп каралууда. Акы төлөнүүчү токтотмо орундар системасын киргизүү жолдордо автомобилдерди токтотууну тартипке келтирүүгө, жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартууга, айлана-чөйрө, калк жана транспорт тутуму үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө алып келет", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Токтом боюнча, унаа токтотуу акысы Бишкек шаарынын аймагында бир орун үчүн 10 сом, ал эми муниципалдык автокоюу жайларындагы орун үчүн 25 сом деп бекитилген. Ошондой эле муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштуруу тартиби дагы иштелип чыккан.
Бишкек: автоунааны токтоткон жайда акчаны электрондук түрдө төлөө башталды