Баткенде килем жана өрмөк боюнча кароо-сынак фестивалы өтөт

Сынакка синтетика буюмдар менен катышууга болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. 28-майда Баткен облусунун Раззаков шаарында "Кылым карыткан кыргыз килеми жана өрмөк" аттуу республикалык кароо-сынак фестивалынын экинчи айлампасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестиваль улуттук баалуулук, маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланышты чыңдоо максатында уюштурулмакчы.
"Аталган иш-чарага Кыргызстандын ар аймагынан кол өнөрчү, дизайнер, маданият жана искусство кызматкерлери, чакан ишканалар, кооперативдер катыша алат. Кароо-сынакка салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар коюлуп, "Түктүү килем", "Арабий килем", "Мурас килем", " Терме таар", "Мурас таар", "Мыкты кол өнөрчү" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар тапшырылат", — деп жазылат маалыматта.
Килем токуу, терме боюнча мастер-класстар өткөрүлөрү айтылып, сынакка синтетика буюмдар менен катышууга болбой турганы кошумчаланды.
Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы кандай өттү? Иш-чарадан 14 сүрөт