Радио

Айыл чарбасын толук санариптештирүү иши башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Асел Кененбаева айыл чарбасын толук санариптештирүү иши күчөтүлгөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы талаадан баштап сатууга кеткенге чейинки процесс толук санариптештирилип, бардык эл аралык талаптарга дал келтирилип жатат. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дыйкандар, фермерлер продукциясын экспорттоого көмөктөшө турган платформалар түзүлөт.
"Учурда айыл чарба тармагын санариптештирүүгө багытталган бир катар өзгөрүүлөр болуп жатат. Президенттин санариптештирүү боюнча жарлыгы да көп чечимдерди кабыл алууга түрткү болууда. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан бул тармакка олуттуу көңүл буруп, санариптик долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Биз азыр министрликтин ар бир кызматын, департаменттердин ишин карап, аларга анализ жүргүзүп атайын чараларды көрүп баштадык. Бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы талаадан баштап сатууга кеткенге чейинки процесс толук санариптештирилип, бардык эл аралык талаптарга дал келтириле баштады. Дыйкан, фермерлерге көмөк көрсөтүп, ишин жеңилдетүүгө бел байладык", — деди Кененбаева.
Ошондой эле адис министрликтеги автоматташтырылган системалардын иши жөнгө салынып, кызматкерлерди санариптик көндүмдөргө окутууга көңүл буруларын кошумчалады.