23-майга карата аба ырайы

23-майга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Нарын жергесинде +20...+25 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөсө, Ошту ала булут каптайт. Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы