Аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет — эмнелер өзгөрдү?

Sputnik
Аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет. Тийиштүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги сунуштады. Кээ бир райондордо нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аймак үчүн лицензияларды киргизүү болжолдонууда. Бул жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Бул иш кандай жүрөт, окутуулар, электрондук нотариат тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков айтып берди.