Ысык-Көл облустук драма театры Уфадагы эл аралык фестивалга жөнөп кетти

Облустук театр Уфадагы фестивалга катышып, Москвадагы мекендештерге да өнөрүн тартуулай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жамааты Башкыртстандын борбор калаасы Уфа шаарында өтүүчү "Туганлык" эл аралык фестивалына катышуу үчүн сапар алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-майда Ысык-Көл облустук театры Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести боюнча сахналаштырылган режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон спектаклди көрсөтөт.
"Ошондой эле Ысык-Көл театры 28-майда Москва шаарындагы мекендештербизге Султан Раевдин "Күн кармаган бала" повестинин негизинде сахналаштырган спектаклди көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Аталган спектакль 2023-жылы 9-ирет өткөрүлгөн "АРТ-ОРДО" IХ эл аралык театр фестивалында баш байгеге ээ болгон.
Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы кандай өттү? Иш-чарадан 14 сүрөт