ТИМ башчысы Кулубаев: ШКУ узак мөөнөттүү стратегияга муктаж

Министр ШКУга мүчө мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөөнүн жол картасын кабыл алуу керектигин да белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. ШКУ өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатат жана узак мөөнөттүү стратегияга муктаж. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны
"Министр ШКУ татаал глобалдык жана регионалдык жагдайда өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жаткандыгын, пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда уюмдун потенциалын пайдалануу үчүн узак мөөнөттүү стратегияга муктаж экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу кыргыз тарап ШКУнун 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуусуна маани берди", — деп жазылат кабарда.
Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттер менен ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн жол картасын кабыл алуу керектигин да белгилеген.
ТИМ башчылары 2024-жылдын июлунда боло турган Астана саммитинин мазмундук бөлүгүн даярдоонун жүрүшүн талкуулап, кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча бир катар чечимдерине кол коюшкан.
Астанада жыйынга чогулган ШКУнун ТИМ башчыларын Токаев кабыл алды