Сунак миңдеген британдыктар кан куюудан ВИЧ жана гепатит жуктурганын моюндады

Дүйшөмбү күнү 1970-1980-жылдары британиялык миңдеген бейтапка ВИЧ жана гепатит менен ооруган донорлордун каны куюлганы боюнча коомдук иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак ВИЧ жана гепатиттин С түрү кан куюу аркылуу көп сандагы адамга жукканы үчүн элинен кечирим сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бул — Улуу Британия үчүн уяла турган күн. Мен мындай адилетсиздик үчүн чын жүрөктөн кечирим сурагым келет", — деди ал Общиналар палатасында сүйлөп жатып.
Британияда 1970-1980-жылдары донорлордун канынан гепатит жана ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бейтаптар боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Жабыркагандардын көбү гемофилия менен ооруган. Sky News агенттигинин жазганына караганда, аларды дарылоочу препараттар АКШда өндүрүлгөн. Анда баңгиликке берилген жана түрмөдө жаткан адамдар донор болгону белгиленген. Бирок донорлук кан ВИЧке жана гепатиттин С түрүнө текшерилген эмес. Мындан улам 30 миң адам жуктуруп, анын үч миңи каза болгон. Көбү илдетти кайдан кантип жуктуруп алганын билбеген боюнча кеткени айтылды.
Россия гемофилияга каршы гендик препараттарды өндүрөт