Пресс-борбор

Россия Борбор Азияга энергетикалык кризистен чыгууга кантип жардам бере алат?

Эксперт газ тармагы Борбор Азияда энергетикалык кызматташтыктын пайдубалына айланып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май – Sputnik. Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Станислав Притчин Россия Борбор Азияга энергетикалык кризистен чыгууга кантип жардам бере аларын айтып берди.
Ал Sputnik маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн "Борбор Азия менен Россиянын газ тармагындагы кызматташуусунун жаңы этабы" аталышындагы видеоконференцияда сөз сүйлөгөн.
Притчиндин айтымында, газ аймактагы энергетикалык кызматташтыктын пайдубалына айланууда. Адис Россия үчүн Борбор Азия келечектүү багыт экенин белгиледи. СССР маалынан бери Европа РФ газынын негизги сатып алуучусу болгон, бирок бул рынок жабылууда.
"Москванын жаңы рынокторду табуу боюнча муктаждыгы бар. Борбордук Азиядагы энергетикалык кризис эки тарапка тең пайдалуу алакага мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Россиянын газы аймакта чоң суроо-талапка ээ, баасы боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү. Маселен, Өзбекстан башында жылына үч миллиард куб метр газ сураса, учурда онго жеткирүү тууралуу кеп болууда. Өндүрүштүн динамикасын, демографиялык өсүштү, экономикалык өнүгүүнү эске алганда бул көрсөткүч дагы өсүшү ыктымал", — деген Притчин.
Бул учурда Казакстан транзиттен жана газ транспорту тармагын өнүктүрүү аркылуу пайда табат. Ал Кыргызстанда инфраструктура курулуп, газ ташуу системасы жакшырып жатканын белгиледи.
Эксперт Борбор Азияга ташылган россиялык газдын көлөмү көбөйөрүн божомолдоду