Лавров: Россия АКШны Азиядагы абалды курчутууга ниеттенүүдө деп эсептейт. Видео

Түндүк Корея аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын кырдаалды курчутуу аракеттерине түйшөлгөндүгүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Москва Вашингтондун Азия аймактарында, анын ичинде Кореяда да кырдаалды чайпалтуу боюнча планын бышырып жатканын четке какпайт. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун ТИМ башчыларынын жолугушуусунан кийин журналисттерге айтты.
Ал АКШнын Азиядагы аскердик-саясий иштерине, анын ичинде өзөктүк компоненттерди колдонуудагы активдүүлүгүнө көңүл бурган.
"Түндүк Корея бул аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын кырдаалды курчутуудан тарта отту тутандырган деңгээлге жеткирүүгө ниеттенген чагымчылык иштерине түйшөлгөндүгүн билдирген. Вашингтон Корей жарым аралында башаламандыкты чыгарууга аракеттенип, дал ушул планын жандоочулары менен биргеликте бышырып жатканын четке какпайбыз", — деген Лавров журналисттерге.
Министр, мындан сырткары, мааниси улам артып бараткан ШКУдан сырткары башка уюмдардын да кадамын илгерилетүү зарылдыгын айткан.
"Евразия мейкиндигинде барган сайын салмагы артып жаткан ШКУ менен катар эле ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ, АСЕАН сыяктуу өнөктөштөрдүн да ишин активдештирүү керек", — деген ал.
Лавров НАТО өзүнүн инфраструктурасынын маанилүү бөлүгүн тымызын жылдырып, Евразия континентинин чыгышында блокторду түзө баштаганын белгилеген.
Астанада жыйынга чогулган ШКУнун ТИМ башчыларын Токаев кабыл алды