Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон Киевдин АКШ берген куралды колдонуу тармагын кеңейтишине каршы

Киев бийлиги АКШдан алардын согуштук техникасын Россиянын аймагындагы бутага каршы колдонууга уруксат сураганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май – Sputnik. Вашингтон Киевдин америкалык куралдарды колдонуу тармагын кеңейтишине каршы экенин Пентагон башчысы Ллойд Остин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз берген куралдарды алар Украинанын ичинде колдонууну улантат деп күтүп жатабыз", — деген ал маалымат жыйын учурунда.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Чарльз Браун кеп кармаштагы "жакынкы фронтту" колдоо жана Крым боюнча жасаган соккулар туурасында жүрүп жатканын кошумчалаган.
Politico жазган маалыматтарга караганда, Россия аскерлери Харьков багытында улам алдыга жылып жаткандыктан Киев АКШдан алар берген куралдарды Россиянын аймактарына каршы колдонууга уруксат алууга аракет кылууда. Басылманын маектештери Вашингтондун салган тыюусу Украина армиясын мындай чабуулдардан токтотуп турганын, бирок Ак үйдүн саясаты бул жаатта өзгөрүлбөгөндүгүн белгилешкен.
Өткөн аптада РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Зеленскийдин Батыштагы кураторлору Украинага алыска учуучу ракеталары менен оор куралдарын берип гана тим болбостон, чатакты мындан ары ырбатып, аларды Россияга каршы колдонуусуна макулдугун берип жатышат.
Москва Вашингтон, Лондон, Брюссель жана башкы Батыш борборлорунун Россия аймактарына койгон чабуулу "от менен ойногондук" болуп каларын, Россия аймагын басып алуу аракети жоопсуз калбастыгын эскерткен.
Россияга Украинанын британиялык куралдар менен сокку урганын колдой турганын алардын коргонуу министри Грант Шаппс менен ТИМинин жетекчиси Дэвид Кэмерон билдирген жайы бар.
Смоленск аянтында мындай чабуулга Британия техникалары менен аскердик объектилери Украинанын жана анын аймагынан сырткаркы чектерде бутага алынышы менен жооп берилерин эскертишкен.
Май айынын башында президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Башкы штаб стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды колдонуу боюнча машыгууларды өткөрүүгө даярдана баштаган. Ракеталык машыгуулар Батыш саясатчыларынын Украинага аскер жөнөтүү ниети тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу болуп жатканы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украина эми жума сайын курал-жарак алып турарын убадалады