Креативдүү индустрия паркынын резиденттери үчүн кандай жеңилдиктер каралган

Кеп Соцфондго төлөнчү салык тууралуу болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Креативдүү индустрия паркынын резиденттери салыкты төмөнкү ставка менен төлөйт жана аларга бир катар жеңилдиктер каралган. Бул тууралуу парктын директору Канышай Мамытова журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, бирдиктүү салык режиминин негизинде кирешенин 4 пайызы төлөнөт.
Креативдүү индустрия паркынын резиденттер үчүн ставкасы төмөнкүдөй:
2024-жылы — кирешенин 0,5 пайызы;
2025-2026-жылдары — түшкөн акчанын 1 пайызы;
2027-жылдан тарта — 2 пайыз.
Эске салсак, өткөн жумада Креативдүү индустрия паркынын резиденти болууну каалагандардан арыздарды кабыл алуу башталган. Биринчи этапта 10 юридикалык жак же жеке ишкерди тандоо пландаштырылууда. Бир катар арыздар келип түшкөн.
Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Анын максаты — креативдүү иш менен алектенген бизнесмендердин иши үчүн укуктук негиздерди түзүү.
Мүлктү легалдаштыруу өнөктүгүнүн мөөнөтүн узартуунун максаты кандай?