Бишкекке Түркиянын Ван аймагынан жалпысынан сегиз апа келген. Ар бири тарыхы терең, баалуу, көөнө буюмдарын көргөзмөгө коюшкан. Бул тууралуу Кызжибек Бакытбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бизде кол өнөрчүлүк ишмердигин өнүктүрүү жаатында мыйзам чыккан.
"Тарых музейинде кол өнөрчүлөрдүн "Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө" аттуу эл аралык көргөзмөсү өттү. Ал президенттин инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүшү, нарк жөнүндөгү жарлыгына жана Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюшулду. Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн пропагандалоо, салт-санаасын, муундан муунга өткөрүү максатында жасалды. "Аталар изи" коомдук фондунун жетекчиси Асел Калканова жана Кыргыз-түрк Манас университетинин да көмөгү менен ишке ашырылды. Баары тең өзүлөрүнүн буюм-тайымы, тарыхын чагылдырган жасалгалар менен келишти. Түркиянын Ван аймагынан жалпысынан сегиз апа келген. Ар бири тарыхы терең, баалуу, көөнө буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Көргөзмөдө Ван кыргыздарынын көчмөн турмушуна таандык азык-түлүк, тамак-аштары да ооз тийгизилди. Мунун баары улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү жана өстүрүү үчүн жасалды. Келген шаардыктар абдан кызыгуу менен көрүп, кабыл алып жатышты", — деди Бактыбек кызы.
Ал мындан бир жыл мурун кыргызстандык этнографтар Ванга барып жергиликтүү элди изилдеп келгенин кошумчалады.