ИИМ чет өлкөлүк жарандарды сабады делгендердин бири кармалганын билдирди

Бишкекте болгон жаңжал боюнча эки берене менен кылмыш иши козголгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте 18-майга караган түнү чет өлкөлүк жарандарды сабоого шектелип бир адам кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандык") жана 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон.
Социалдык тармактарда 20-25 жаштардагы белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабаган видеотасма тараган. Бул боюнча текшерүү жүрүп, 18-майда таңга маал төрт адам кара түстөгү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа менен "Дордой" базарына жакын жайгашкан үйдөгү чет өлкөлүк жарандарды сабап качып кетишкени аныкталган.
Аталган унаа табылып, айдоочусу Бишкек шаарында эмерек жасоочу цехтин 25 жаштагы кызматкери А.Ж. кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып короого токтотулганы белгиленди.
Учурда башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкекте чет элдиктерге 13-май күнү кол салган деп үч бала кармалды