Эксперт Борбор Азияга ташылган россиялык газдын көлөмү көбөйөрүн божомолдоду

Эксперт Борбор Азияга Россиядан алынган газдын көлөмүн көбөйтөрүн айтып, бул багыттагы иштерге токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. "Геоэнергетика инфо" онлайн-журналынын башкы редактору Борис Марцинкевич "Газпром" Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга ташылган газдын көлөмүн көбөйтөрүн айтты.
"Геоэнергетика инфо" онлайн-журналынын башкы редактору Борис Марцинкевич
Ал Sputnik маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн "Борбор Азия менен Россиянын газ тармагындагы кызматташуусунун жаңы этабы" аталышындагы видеоконференцияда сөз сүйлөгөн.
Марцинкевич Казакстан менен Өзбекстандын Кытайга газ жеткирүү боюнча милдеттемелери бар экенин эске салды. Көгүлтүр отунга болгон суроо-талап өсүп жаткандыктан Россия, Казакстан жана Өзбекстан бул жаатта кызматташа баштаганын белгилеген.
Эксперт Россиядан Өзбекстанга газ жеткирүү былтыр октябрда башталганын эске салды. Жылына 2,7 миллиард куб метр газ жеткирүү келишими эки жылга эсептелген. Мындан тышкары, 2030-жылга чейин импорттун көлөмүн 11 миллиард куб метрге чейин көбөйтүү үчүн өзбек жетекчилиги газ ташуу жана бөлүштүрүү системасына инвестиция салууну чечкен. Ал эми Казакстандын бир нече багытта иш алып баруу мүмкүндүгү бар.
"Газпром" менен "Газпром Кыргызстандын" ортосундагы 700 миллион куб метр газ алуу боюнча сүйлөшүүcү ийгиликтүү болду. Бишкек ЖЭБинде болгон окуя жана экологиялык көйгөйлөрдөн улам өлкөдө газ станциясы пайда болушу ыктымал", — деди эксперт.
Эске салсак, былтыр Кыргызстанга 438,7 миллион метр куб газ импорттолсо, анын 389,3 миллиону Россиядан келген.
Борбор Азия аркылуу өткөн маршруттардын кадыры артууда. Кыргызстандын орду