БУУ Зеленскийдин 20-майдан кийинки президенттигинин мыйзамдуулугуна баа берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму президенттин ыйгарым укуктары 20-майда аяктаса да Владимир Зеленскийди Украинанын мыйзамдуу башчысы катары эсептөөсүн улантат. Бул туурасында аталган уюмдун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.
"Президент Зеленский биз үчүн Украинанын башчысы жана башкы катчы Украина лидери катары сүйлөшө турган адам катары кала берет", — деген ал.
Украинада президентти шайлоо 2024-жылдын 31-мартында, ал эми жаңы башчынын инаугурациясы май айында өтүшү керек эле. Добуш берүүнү согуштук абал менен жалпы мобилизацияга шылтоолоп токтотуп коюшкан. Зеленский азыр шайлоо өткөрүү "мезгили эместигин" жана бул маселеге чекит коюу туурасында айткан.
Россия президенти Владимир Путин Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселеде анын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин Украинанын саясий жана укуктук системасы жооп бериши керектигин белгилеген.
Бүгүн Зеленскийдин президенттигинин мөөнөтү бүтөт