Эртең Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат. График

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Шаршемби күнү, 22-майда, борбор калаанын айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
Уюмдун бригадалары трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо, бутактарды бутоо, зымдарды тартуу сыяктуу жумуштарды аткарышат.
Чыгыш РЭС:
9:30дан 18:00гө чейин 10-кичи райондун Малдыбаев жана Камская көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Курган жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:30дан 17:00гө чейин 7-кичи райондогу №4/1 үйдө, Ибраимов көчөсүнүн тилкесинде (Жумабек көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин).
Батыш РЭС:
9:00дөн 17:00гө чейин Токтоналиев көчөсүндөгү №60 үйдө, Ак-Муз, Жумабек, Ташауз, Повариская, Курчатов, Серафимович, Бах көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Арча-Бешик конушунда (Ак-Туз, Садыбакасов, Эр-Тайлак, Ак-Таң, Кең-Кол, Камбар-Ата, Шербет, Кара-Кужур, Шералиева көчөлөрүндө).
Түндүк РЭС:
9:00дөн 17:00гө чейин Ак-Бата конушунда (Ак-Бата көчөсүндө);
9:00дөн 18:00гө чейин Ладожская, Черепки, Кулиев, Кудрук көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Илийский, Беломорский, Араван тар көчөлөрүндө.
Борбор Азиядагы суу көйгөйү: өнүгүү сценарийи жана стратегиялар