Эртең Бишкектин бир катар аймактарында суу болбойт

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга жана башка объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 22-майда борбор калаанын айрым аймактарында суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитет "Сельский" суу топтогучунда жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.
Эртең саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Туңгуч кичи району, Рухий Мурас жана 44 га конуштары.
"Бишкек суу канал" ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдар менен калкты ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.
Бакыт өргөөсү оңдолуп жатат, бирок нике каттоо уланууда