Бишкекте 15 миң доллары бар сумка уурдалды. Шектелип үй-жайсыз киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте көчөдө калтырылган сумкадагы акчаны уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсүндө 15 миң доллар акча жана документтер салынган сумкасы уурдалганы тууралуу арыз менен жаран кайрылган.
"Факт боюнча "Уурулук" менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 54 жаштагы Л.Д. аттуу адам кармалган. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда", — деп жазылат маалыматта.
Шектүү туруктуу жашаган жери жок адам экенин Sputnik агенттигине өздүк булактардан белгилүү болду.
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда