Садыр Жапаров Бала-Саруу ГЭСин ачты. Сүрөт

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу 2021-жылы августта башталып, жалпы 2,8 миллиард сом жумшалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди

2 / 5

Жапаров Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени Энергетика министрлигине караштуу Илим-изилдөө институту учурдун талабына дал келтирип кайра иштеп чыкканын, ал эми курулушту жергиликтүү ишканалар жүргүзгөнүн белгиледи

3 / 5

Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычында кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган

4 / 5

Жылына орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул облустун эки районунун 19 миң абонентинин муктаждыгын камсыздайт

5 / 5

Анын курулушу 2021-жылы августта башталган. Ага Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун салымын кошкондо жалпы жонунан 2,8 миллиард сом жумшалды

"Биз Бала-Саруу ГЭСин долбоорлоо менен үч жылга жетпеген аралыкта куруп жетиштик. Бул — өлкө эгемендик алган жылдардагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Ал мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат", — деди президент.
Жапаров Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени Энергетика министрлигине караштуу Илим-изилдөө институту учурдун талабына дал келтирип кайра иштеп чыкканын, ал эми курулушту жергиликтүү ишканалар жүргүзгөнүн белгиледи.
Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычында кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Жылына орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул облустун эки районунун 19 миң абонентинин муктаждыгын камсыздайт. Анын курулушу 2021-жылы августта башталган. Ага Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун салымын кошкондо жалпы жонунан 2,8 миллиард сом жумшалды. Бул суммага ГЭСтин имаратынын курулушу, 110 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштө жабдууларды монтаждоо, эки күч трансформаторун орнотуу жана узундугу 6,7 чакырым Бала-Саруу — Кара-Арча жана Бала-Саруу — Покровка электр зымдары тартылган.
Акылбек Жапаров энергетиктерге атайын техникаларды тапшырды