Бакыт өргөөсү оңдолуп жатат, бирок нике каттоо уланууда

Министрлик никени каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна дагы кайрылса болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бакыт өргөөсүндө салтанат залы оңдолуп, никени каттоо биринчи кабатында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 15-майдан тартып никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу бир айга жабылган.
"Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жарандар төмөнкү кызматтар боюнча кайрыла алат:
туулгандыгын каттоо жана "балага сүйүнчү" жөлөк пулуна кайрылуу тариздөө;
аты-жөнүн өзгөртүү;
асырап алуу;
күбөлүктөрдүн дубликатын алуу;
идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу;
ажырашууларды каттоо.
Ошондой эле никени салтанаттуу каттоо үчүн жерине чыгуу кызматы жеткиликтүү экени белгиленди.
Министрлик никени каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна дагы кайрылса болорун кошумчалады.
Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталууда