Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттер менен жолукту. Сүрөт

Өкмөт бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында чет элдик студенттер менен жолугуп, окутуу, коопсуздук маселелерин талкуулады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында чет элдик студенттер менен жолугуп, окутуу, коопсуздук маселелерин талкуулады

2 / 2

Министр алардын Кыргызстандагы окуу процесси маанилүү экендигине токтолуп, медициналык билим берүү жаатында коюлган максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор жана студенттер менен кызматташуунун уланарына ишеним арткан

"Министр өкмөт бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин белгиледи", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Министр алардын Кыргызстандагы окуу процесси маанилүү экендигине токтолуп, медициналык билим берүү жаатында коюлган максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор жана студенттер менен кызматташуунун уланарына ишеним арткан.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтышкан. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын айтып, аларга издөө жарыяланганын билдирген. Ал эми кечээ Бишкекте чет элдиктерге 13-май күнү кол салган деп үч бала кармалган.
Садыр Жапаров: чет элдиктерге кол салгандардын баары жазаланат