АКШ: Раисинин тик учагынын кулашы менен санкциялардын ортосунда байланыш жок

Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана бир катар расмий кишилер авиакырсыктан көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. АКШ Вашингтондун Иранга тетиктерди берүүгө салган санкциясы өлкөнүн президенти Эбрахим Раиси түшүп бара жаткан тик учактын бузулуп, кулашына алып келди деген дооматты четке кагат. Бул туурасында Ак үйдүн стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби айтканын РИА Новости жазды.
"Ким гана болбосун, ар бир мамлекет өзүнүн тетиктеринин ишенимдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздашы үчүн жоопкерчиликтүү. Бул жарандык авиацияга да тиешелүү. Андыктан чындыкка жакындабаган, такыр эле коошпогон күнөөлөө", — деп айтты ал брифингде.
Кирбинин пикиринде, Иран "өзү жаратып алган көйгөйлөрүнө Кошмо Штаттарды күнөөлөгөнгө жол табат", ал эми Вашингтондун мурда билдирген көңүл айтуусу "кадимки эле практика" жана америкалык администрациянын Тегеран боюнча позициясын өзгөртпөйт.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү https://sputnik.kg/20240520/iran-prezident-aza-kutuu-1085303002.html жарыяланган.
Маркум Раисинин милдетин убактылуу Ирандын биринчи вице-президенти аткарат