Кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов. Алгачкы мультфильм кандай кыйынчылык менен тартылган

Sputnik
Режиссёр-мультипликатор Сагынбек Ишенов көп жыл "Кыргызфильм" киностудиясында эмгектенип, ондогон тасманын сүрөтчүсү болгон. Режиссёр катары "Сандардын чатагы", "Олокон", "Меке чал жана кара дөө", "Эки коён", "Портрет" тасмаларын жаратып, Москвадагы Станиславский атындагы театрда "Саманчынын жолу" спектаклинин декорациясын оригиналдуу кылып жасаган. Биз программанын алкагында КРдин эл артисти, алгачкы кыргыз мультипликатору, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишеновдун баскан жолу, жасаган эмгектери тууралуу баарлашабыз. Ишенов — сүрөт жана кино искусствосуна чоң салым кошкон инсандардын бири.
Бизге мейманга КРдин эмгек сиңирген артисти, мультипликатор Болот Жумалиев жана залкар инсандын уулу Мурат Ишенов келип отурат.