Кызамык, кызылча оорулары кайсы учурда өлүмгө кептейт

Sputnik
Акыркы учурда Кыргызстанда кызамык, кызылча оорусу күчөп, бул жугуштуу оорулардын курч түрү менен ооруган учурлар көбөйгөнү белгилүү. Дарыгерлердин айтымында, учурда абал бир топ жакшырганы менен ооругандар дагы да катталууда. Мурда 1 жашка чыга элек наристелердин жугуштуу оору жуктурган учуру жокко эсе болгон. Азыр 2-3 айлык ымыркайлар да ооруп, дарыгерлерге кайрылып жатканын дарыгер өкүнүү менен белгиледи. Ал эми бейтаптардын эң улуусу 58 жашта болгон. Бул оорулардын башка себеби эмдөө албагандык.
Бирок акыркы учурда эмдөөдөн баш тарткандар кайрадан вакцина алуу үчүн кайрылып жатканын дарыгер айтты.