18 жылдык тарыхы бар Баткен театры. Борбордогу гастроль

Sputnik
Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Бишкек шаарына эки күндүк гастролу менен келди. Чек арада болгон окуяларды чакылдырган чыгарманын негизинде коюулуучу “Ыйык жандар” спектакли жана “Маң миң бир түн” аталышындагы КРдин эл жазуучу С. Раевдин калемине таандык чыгарманын сахналаштырылышы борбордук көрүүчүлөрдү 21-22-майда Т. Абдымомунов атындагы академиялык драм.театрдан күтөт.
Аймактык өнөр адамдарынын кубанычы жана көйгөйү, алыстагы театрдын жашоосу тууралуу “Күн башат” программасынын алкагында баарлаштык.