Таластагы аэропорт ишке берилип, ачылышына Садыр Жапаров катышты

Мамлекет башчы "Талас" аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы реконструкцияланган аэропортту салтанаттуу ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Аба майдан саатына 100 жүргүнчү тейлейт. Мамлекет башчы "Талас" аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин айтты.
1 / 7

"Талас" аэропорту ачылып, салтанатка Садыр Жапаров катышты

2 / 7

Аба майдан саатына 100 жүргүнчү тейлейт

3 / 7

Мамлекет башчы "Талас" аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин айтты

4 / 7

Өлкө башчы аймактардагы аэропортторду пайдаланууга берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи

5 / 7

"Манас" аэропорту муктаждыкты жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алган

6 / 7

Аба майдандын учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган

7 / 7

"Талас" аэрпортунун учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрүн кабыл алууга ылайыкталган

"Бул кадам өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине, элдин жакындашуусуна өбөлгө түзөт, экономиканы, ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен алака-катышыбызды чыңдоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкө башчы аймактардагы аэропортторду пайдаланууга берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, "Манас" аэропорту муктаждыкты жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алганын кошумчалады.
Ысык-Көлдөн Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдар ачылды