Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган ишкер аныкталды

Ишкер кылмыштуу топко ай сайын 40 миң доллар берип, компаниясынын ишин КМШда илгерилетип келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган ишкерлер аныкталды
Маалыматка ылайык, "Т.И." компаниясынын негиздөөчүсү С.Р.М аталган топко ай сайын 40 миң доллар берип турган.
"Өз кезегинде Камчы Асанбек Россиянын жана башка өлкөлөрдүн криминалитетинин арасында өзүнүн кылмыштуу байланыштарын пайдалануу менен бизнес-долбоорлорго колдоо көрсөткөн. Ошондой эле Россиянын аймагында жана КМШнын башка өлкөлөрүндө С.Р.М. жана анын "Т.И." компаниясынын коммерциялык кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жардамдашкан", — деп жазылган маалыматта.
Факт боюнча компаниянын негиздөөчүсүнүн өкүлү Б.С.В. 16-майда кармалып, өзү издөөгө алынганы кошумчаланды.
Ысык-Көлдө ишкердин бизнесин тартып алмак болгон 4 адам кармалды. Видео