Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украин армиясы Россиянын Харьков багытындагы чабуулуна даяр эмес болуп чыкты

Басылма россиялык аскерлер каршылаш тараптын коргонгон жерлерин тез эле жарып кирип, артиллерия менен авиацияда артыкчылыгын көрсөткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Россия армиясынын Харьков багытындагы жарып кирген чабуулуна даяр эмес болуп чыкты. Бул туурасында New York Times басылмасы жазды.
"Россиялык аскерлер Украинанын түндүк чектерине ушундай тездик менен кирип келди, эптеп жасалган коргонуу чептери тоскоол боло алган жок. Украин жоокерлери үчүн бул күтүүсүз болуп, позицияларынан чегиништи", — деп айтылган макалада.
Россия армиясынын артиллерия жана абадан ишенимдүү жасаган чабуулу Киев аскерлери үчүн "кесепети оор болуп", абадан кол салганда коргоно турган системанын айласын кетирген.
Басылманын маектешинин айтып бергенине караганда, россиялыктар каршылаштардын коргонгон жерлеринен дурус курулбагандыктан жана жетишсиз болгондуктан тез эле өтүп кете алышты. Киевдин негизги көйгөйлөрүнүн бири — армиядагылардын санынын аздыгы болууда.
"Украина резервде тургандардын ордуна фронттун башка жактарынан аскер алып келүүгө аракет кылды. Украиналык аткаминерлердин пикиринде, аталган багытка келчү резервдин деле чамасы чакталуу", — деп белгилеген басылма.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: германиялыктардын 40%ы Украинага кеткен чыгымдарды кыскартууну каалашат