Садыр Жапаров Эбрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу Иран лидерине көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу Иран лидери аятолла Али Хаменеиге көңүл айткан телеграмма жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Иран Ислам Республикасынын президенти Эбрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана Иран элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп жазылган анда.
Ошондой эле телеграммада Ирандын маркум президенти өлкөсүнүн дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын өсүп-өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошкону айтылып, жасаган эмгеги унутулбай турганы кошумчаланган.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Маркум Раисинин милдетин убактылуу Ирандын биринчи вице-президенти аткарат