Садыр Жапаров: чет элдиктерге кол салгандардын баары жазаланат

Өлкө башчы тартип сакчыларына окуяны кагылыштарга жеткирбей көзөмөл кылуусун тапшырганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Чет элдик студенттер жашаган жерлерге барып кол салгандардын баары жазасын алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 18-майда болгон жаңжал боюнча кайрылуусунда айтты.
Өлкө башчы 18-май түнү окуянын күч алып кетишине жол берилбегенин, ошол эле учурда чогулгандарга күч колдонулбаганын белгилеген.
"Милиция кызматкерлери элди күч менен тарата баштаганда "мына, биздин бийлик кыргыз балдарды коргогондун ордуна, тескерисинче, тигилерге болушуп, өз элин кордой баштады" деп адаттагыдай эле ошол жерден видеокайрылууларды таратып, масштабдуу көтөрүлүшкө чакырабыз деген блогер сымал жана ниети бузуктар элдин арасында даяр турушту", — деди мамлекет башчы.
Өлкө башчы тартип сакчыларына окуяны кагылыштарга жеткирбей көзөмөл кылуусун тапшырганын айтты. Ошол эле учурда башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болгонун маалымдады.
"Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз. Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзү билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылыкка оор басырыктуу болуп сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз. Эми мындан ары ушундай окуя кайталанса, анда күч органдары биринчи мүнөттөрдөн баштап эле күч менен таратуу ыкмасына өтөт. Кудайга шүгүр, азыр күч структуралары мурдагыдай алсыз эмес", — деген Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал акыйкаттыктын алдында, адилеттүүлүктүн алдында, улуттук мыйзамдардын алдында элдин баары бирдей экенин кошумчалады.
Бишкектеги жаңжал: президент ИИМ тиешелүү чараларды өз учурунда көрбөгөнүн айтты